Бишкектеги админстративдик имараттарды коргоого 11 млн сом бөлүнөт

24 марта 2020, 16:00

Ички иштер министрлигинин мамлекеттик адистештирилген коргоо кызматынын башкы Башкармалыгы, коргоо кызматын көрсөтүү боюнча атайын тендер жарыялады. Тендердин жалпы суммасы 11 млн 189.5 миң сомду түзөт.

Бөлүнгөн каражаттар, «КР президентинин жана өкмөтүнүн Иш башкармасынын алдындагы Мамлекеттик имараттар департаментине» караштуу 8 ишкананы кайтарууга жумшалат. Аталган имараттарга бир жыл ичинде 11 млн сом бөлүнөт.