Бишкек — Будапешт түз авиакаттамы ачылат

30 сентября 2020, 10:40

Бишкек — Будапешт маршруту боюнча түз авиакаттам ачылат. Бул тууралуу Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан КР президенти Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушууда билдирген.

Бирок, так убактысы азырынча белгисиз.

«Эгерде байланыштарыбыздын жана достугубуздун туруктуу болушун кааласак, анда биз түз аба каттамын ачуубуз зарыл. Будапешт менен Бишкектин ортосунда сөзсүз түрдө аба каттамы болушу керектигин макулдаштык. Биз юридикалык жана каржылык шарттарды түзөбүз. Каттамдар жакынкы мезгилде ачыларына үмүт кылабыз», — деп айтты

Виктор Орбан.

Эске сала кетсек, 17-сентябрда КР Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Венгрияга болгон иш сапарында Бишкек — Будапешт жана башка каттамдарды ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн.