“Бишкек” эркин экономикалык аймагынан майнинг-ферма табылды

7 августа 2020, 16:54

“Бишкек” эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматы (Финпол) кабарлайт.

6-август күнү Финполдун кызматкерлери соттун чечими менен криптовалюта чыгарат делген күмөндүү жайды тинтүүгө алышкан.

Айтылган жайдан криптовалюта өндүрүүчү жабдуулар орнотулган майнинг-системалар табылган.

Азыркы тапта бул мыйзамсыз ишке жол берген жана катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы айтылат Финполдун маалыматында.