Бишкекте 39 миңден ашык аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк берилди

16 апреля 2020, 12:10

Бишкекте 39 миң 225 аз камсыз болгон үй-бүлөгө гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев билдирди.

«Бишкек шаарынын аз камсыз болгон үй-бүлөлөрүнө гуманитардык жардам көрсөтүү максатында 4 баскычтан турган система иштелип чыкты. 39 миң 225 аз камсыз болгон үй-бүлөгө аз-түлүк берилди», - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылды. Ошондой эле өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин Нарын шаары жана Ат-Башы районунда киргизилди.