Бишкектеги кафе-ресторандар 15-20 күнгө жабылышы мүмкүн

5 ноября 2020, 10:45

Бишкек шаарындагы кафе-ресторандар 15-20 күнгө жабылат. Бул тууралуу калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Түлөбаев борбордо илдет жайылып, кооптуу абалга келип калганын айтты.

«Коронавирус кооптуу абалга келе атат. Жалдырасак да, сурансак да болбой атасыңар. Бүт шаарды коркунучка алып келдиңер. Шаарды кайра карантинге жаба албайбыз. Эл кыйналат. Такыр укпаган эме экенсиңер. Тойкана ээлери бул сөз силерге. Элдин ден соолугу менен ойноп атасыңар. 15 күнгө жабабыз. Жакында чечим чыгаралат», – деп жазган ал.