Бишкектеги 3469 үй-бүлөгө 19,9 млн сомго компенсация катары көмүр алынып берилди

13 октября 2020, 11:10

Социалдык өнүгүү башкармалыгы аркылуу Бишкектеги 3469 үй-бүлөгө шаардык бюджеттен 19,9 млн сомго компенсация катары көмүр алынып берилди. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.

Үй-бүлөлөрдөн сырткары дагы 4 уюм компенсация алды. Алар: Свердлов жана Октябрь райондорундагы туруктуу жашаган жери жок адамдар үчүн эки убактылуу баш калкалоочу жай, «Элистан» балдар борбору жана «Үмүт Надежда» балдарды калыбына келтирүү борбору.

Төлөмдөр почта бөлүмдөрү, банктык эсеп жана банктык которуу аркылуу жүргүзүлгөн.

Ошондой эле, «Бишкекзеленхоз» МИ аркылуу Свердлов, Биринчи Май, Октябрь жана Ленин райондорунун 600 жакыр үй-бүлөсү 1,1 миң кубометр отун менен камсыз болушкан.