Бишкекте маршруткадан 40 миң $ жана телефон уурдаган киши кармалды

27 января 2021, 13:10

Бишкекте маршрутканын ичинен аялдын 40 миң доллар жана телефонун уурдаган киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 6-январда 1979-жылы туулган О.Н. аттуу аял милицияга арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 18:08де 7-Апрель жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен жүргүнчү ташуучу маршрутканын ичинен баштыгын уурдап кетишкендигин билдирген.

Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1984-жылы туулган К.Б. аттуу жаранды кармап, Октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Бул факты боюнча Октябрь райондук ИИБгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.