Бишкек мэриясы жолдордогу чуңкурларды оңдоону убадалады

5 марта 2024, 10:10

Борбор калаада суук аба ырайына байланыштуу чуңкурларга ысык асфальт төшөп, оңдоо мүмкүн болбой жатат. Учурда кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдын алдын алуу максатында жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн убактылуу материалдар менен гана маселе чечилүүдө. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.

Жолдордогу оюлган чуңкурлар көбүнчө эксплуатация мөөнөтү аяктаган эски жолдордо болууда.

“Учурда "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасы шаардын көчөлөрүнө мониторинг жүргүзүп, көйгөйлүү тилкелерде убактылуу оңдоо иштерин жүргүзүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Аба ырайы турукташканда ишкананын кызматкерлери шаардын көчөлөрүндөгү чуңкурларды оңдоого киришет. Айрым көчөлөрдү толугу менен асфальттоо пландалууда.

Бишкек шаарынын мэриясы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана шаардыктардан түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.