Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имараты 86 млн сомго оңдолот

4 апреля 2024, 09:43

Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин имараты капиталдык оңдоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.

Тендер Мамлекеттик курулуш комитетинин Чүй облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жарыяланган.

Бул максаттарга 86 млн 230 миң 872 сом сарптоо пландалууда.

Колледж орто мектептерде музыка мугалимдерин, музыкалык жетекчилерди, башталгыч класстардын мугалимдерин, дене тарбия мугалимдерин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин мугалимдерин даярдайт.