Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолундагы кооптуу бурулуш жабылды

13 марта 2024, 13:50

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 124-чакырымындагы кооптуу бурулуш жабылды. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясы мунун себебин анда бир нече жолу жол кырсыктары катталганы менен түшүндүрдү.

Белгиленгендей, мындай сунуш Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын жол көзөмөлдөө бөлүмү тарабынан берилип, бүгүнкү күндө аталган жол тилкесинде оңдоо иштери бетон бөлгүчтөр менен жабылды.