Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолундагы төрт кафе жабылды

31 января 2024, 13:00

Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда жайгашкан төрт коомдук тамактануучу жай жабылды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, “Холодок”, “Fast food”, “Кофе с собой”, “Обжарка” объектилеринин тиешелүү документтерин тактап, аныктоо боюнча жарандардан арыз келип түшкөн.

Аталган объектилерди текшерүүдө тиешелүү укук аныктоочу жана укук күбөлөндүрүүчү документтери жок экендиги аныкталып, материалдар тиешелүү органдарга өткөрүп берилген.

Жыйынтыгында, “Автомобиль жолдорунун жээгиндеги жерлерге жол боюндагы тейлөө обьекттерин мыйзамсыз жайгаштырууну алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча чаралар жөнүндө” мыйзамына ылайык, аталган төрт объект толугу менен алынып, жер аянты калыбына келтирилди.