Бишкек – Ош унаа жолун реконструкциялоого 456 млн доллар жумшалат

5 марта 2024, 11:32

Бишкек-Ош унаа жолунун 630 чакырымын реконструкциялоого 456,7 млн доллар тартылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул өлкөнүн жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча биринчи долбоор экени белгиленет.

Анын ичинен мамлекеттик бюджеттен 80 млн доллардан ашык каражат бөлүнсө, 376,7 млн ​​доллары тышкы донорлор тарабынан бөлүнгөн. Калган 35 млн доллары – грант жана 341,7 млн ​​доллары – АӨБ, JICA, Жапония, ИӨБ, ЕӨБ насыялары болуп саналат.