Бишкек шаарынын жаңы мэри дайындалды

24 февраля 2022, 17:16

Бишкек шаарынын мэри болуп Эмилбек Абдыкадыров дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Калаанын мурунку мэр Айбек Жунушалиев президент администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды. Бул кызматты аркалап келген Кубатбек Кожоналиев кызматынан бошотулган.

Ишкер Эмилбек Абдыкадыров 1958-жылы Талас облусунун Кара-Ой айылында туулган. Ал буга чейин үч жолу Бишкек шаарынын депутаты, вице-мэри болуп эмгектенген. Былтыр Талас облусунун бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Ошондой эле анын жеке курулуш компаниялары бар. Ал 2020-жылы Ат-Башыдагы чек арага жакын аймакта логистикалык борборго инвестор болорун билдирген кытайлык ишкердин Кыргызстандагы өнөктөшү экени белгилүү.