Бишкек – Шарм-эш-Шейх каттамы 2-октябрдан баштап кое берилет

26 сентября 2023, 10:00

Бишкек – Шарм-эш-Шейх чартердик каттамы 2-октябрдан баштап кое берилет. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Каттам жумасына эки ирет – дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү аткарылат.

Кыргызстандыктар Египеттин аталган курорттук аймагына кыштын аягына чейин түз учуп бара алат деп пландалууда.