Бишкек – Улан-Батор – Бишкек аба каттамы 6-мартта ачылат

2 марта 2022, 14:30

Бишкек – Улан-Батор – Бишкек ааба каттамын 6-марттан тарта ачуу пландалууда. Бул тууралуу экономика министри Данияр Амангелдиев менен Монголиянын Кыргызстандагы элчиси Ганхуяг Содномдун жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, рейстер монголиялык “Hunnu Air” авиакомпания аркылуу жургүзүлөт жана жумасына бир жолу аткарылат.