Бишкек жана Чүйдөгү айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет

23 октября 2023, 12:30

Бишкек жана Чүй облусундагы айрым жолдорго эки күн чектөө киргизилет.

Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, 25-27-октябрда Кыргызстанда ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө. Буга байланыштуу “Манас” аэропортунан Бишкекке чейинки жол, Чүй, Манас, Айтматов проспектилери жана Фучик, Садырбаев көчөлөрү маал-маалы менен жабылып турат.

Бул күндөрү коомдук коопсуздукту 4 миңге жакын милиция кызматкери камсыздайт.