Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке туруктуу учууга болот

27 февраля 2024, 09:30

Эми Бишкек жана Ош шаарларынан Ташкентке туруктуу учууга болот. Бул тууралуу "Манас" аэропортунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанга түз каттамдарды аткарууга уруксатты Кыргызстандык авиакомпания алды.

Учактар Ош — Ташкент — Ош жана Бишкек — Ташкент — Бишкек багыттары боюнча учат.