Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар берет

13 февраля 2024, 09:25

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктын кесепетин жоюуга Кытай 100 миң доллар берет. Бул тууралуу аталган мамлекеттин Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.

Гуманитардык каржылык колдоо тууралуу макулдашуу элчи Ду Дэвэнь менен тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин жолугушуусунда жетишилди.

Эске салсак, 2-февралга караган түнү Бишкек ЖЭБинде авария катталып, жабдуулар иштен чыккан.