Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310 МВт түзүүдө
Бишкек ЖЭБинин учурдагы активдүү кубаттуулугу 310 мегаватты түзүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Сырттагы абанын температурасы төмөндөгөнүнө байланыштуу “Бишкекжылуулуктармагына” берилген ысык суунун температурасы орто эсеп менен +61 градусту түзүүдө.
"Бүгүн кечкиге чейин ЖЭБдин активдүү кубаттуулугу дагы көтөрүлөт", — дешти министрликтен.
Белгилеп кетсек, суук түшкөндөн бери шаар тургундарынан көптөгөн арыз-даттануулар түшүүдө. Айрым үйлөрдө батареялар муздак болуп, ысык суу жок экени кабарланган.