Бишкекке мобилдүү кычкылтек концентраторлорунун партиясы келди

16 июля 2020, 09:30

Бүгүн Кытайдан чартердик каттам менен Кыргызстандын өкмөтү тарабынан сатылып алынган 200 даанадагы мобилдик кычкылтек концентраторлору жеткирилди.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июль айынан бери өлкөгө республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынган 1 миңден ашуун мобилдик кычкылтек концентраторлору алынып келинген. Ошондой эле кычкылтек концентраторлору гуманитардык жардам катары дагы келүүдө.

Келген кычкылтек концентраторлору муктаждыкты эске алуу менен өлкөнүн саламаттык сактоо уюмдарынын арасында бөлүштүрүлөт.