Бишкекке Орусиядагы кыргызстандыктар учуп келди

21 июля 2020, 12:00

Бүгүн, 21 июлда Бишкекке Екатеринбургдан «Авиатраффик» авикомпаниясынын чартердик рейси сенен 188 кыргызстандык кайтып келди, алардын ичинде кичине балдар дагы бар. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган рейс менен Кыргызстандын Екатеринбург, Челябинск, Тюмень, Сургут, Новый Уренгой, Салехард, Курган, Ноябрьск, Пермь шаарларындагы мекенине кайтып келе албай жаткан жарандары бар. (Алардын ичинде ар кандай дарттары бар, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, уулгайган жаштагы, боюнда бар жана кичине балдары барлар, ошондой эле оор жашоо кырдаалына туш болгон адамдар бар).

Жүргүнчүлөрдүн тизмелери кыргыз жарандарынын жана кыргыз диаспоралык уюмдарынын өтүнүчүнүн негизинде түзүлгөн.

Ошондой эле, жарандардын «Авиатраффик» компаниясынын рейсине мурун билет сатып алгандыгы, бирок эпидемиологиялык кырдаалдан улам учуп келе албай калгандыгы каралган »,-деп айтылат маалыматта.