Бишкекте 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды

14 апреля 2022, 14:30

Ордо калаада 1-сентябрга чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, массалык башаламандыктарды алдын алуу максатында Биринчи май райондун акимиаты райондук сотко митингди айрым жерлерге өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү боюнча арыз менен кайрылган.

“Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин имаратынын, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин, президенттин администрациясынын жана УКМКнын алдында, “Ала-Тоо” аянтында митинг жана тынчтык акцияларын өткөрбөөнү мыйзамдуу деп тапты”, - деп айтылат маалыматта.