Бишкекте 100дөн ашык автобустун айдоочусу экзамен тапшыра алган жок

13 марта 2024, 09:45

Бишкекте 100дөн ашык автобустун айдоочусу жол эрежесинен экзамен тапшыра алган жок. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Экзаменге 222 айдоочу катышып 98си ийгиликтүү тапшырган.

Сынак жол коопсуздугун камсыз кылуу, жүргүнчүлөрдү ташуудагы жол кырсыктарды болтурбоо жана автобус айдоодо мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында уюштурулду. Андан өтпөй калгандар кайрадан тапшырышат.