Бишкекте №42 жана №103 автобустук каттамдардын багыты өзгөртүлдү

21 декабря 2023, 10:00

“Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы” муниципалдык ишканасы №42 жана №103 автобустук каттамдардын жаңы багытын бекитти. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эми жогорудагы автобустар Чүй проспектиси менен жүрө баштайт.

Эскерте кетсек, буга чейин Чүй проспектисинин Ибраимова көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгүндө кичи автобустук каттамдардын кыймылы толугу менен альтернативалык көчөлөргө - Киев, Токтогул, Фрунзеге багытталган.