Бишкекте 45 кабаттуу «Manas Tower 45» имараты салынат

14 ноября 2023, 14:31

Бишкекте 45 кабаттуу "Manas Tower 45" көп функциялуу мейманкана комплекси курулат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн президент Садыр Жапаров аталган мейманкананын курулушуна капсула салды. Анын курулушуна президенттин Иш башкармалыгы жана чет элдик инвесторлор катышууда. Курулушту 2,5-3 жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.

"Долбоор боюнча комплекс 45 кабаттуу имараттан туруп, анын ичинде беш жылдыздуу мейманкана, бизнес-борбор, жыйындар залы, ресторандар, гипермаркет, 20 миңден ашуун соода аянттары жана жер алдында 600 жеңил унаага ылайыкташкан унаа токтотуучу жай болот", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, 45 кабаттуу имараттын бийиктиги 200 метрден ашып, анын үстүндө тик учак конгонго аянтча болот. Ошондой эле, ал панорама да болот.