Бишкекте аялдар жана балдарга жардам көрсөткөн атайын унаалар иштейт

27 ноября 2023, 11:17

Бишкекте төрт автоунаа үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен аялдар менен балдарга жардам көрсөтүү үчүн күнү-түнү иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мэрия социалдык унаалар төмөнкү кызматтарды аткарарын кабарлады:

  • өмүрүнө коркунуч жаралган балдарды борборлорго жеткирүү;
  • балдарды интернатка которууда тергөө иштерине, соттук териштирүүгө, медициналык текшерүүлөргө алып баруу;
  • кайырчы, селсаяктык кылган аялдарды, балдарды аныктоодо ыкчам жетип баруу;
  • турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды аныктоо боюнча шаардык жана райондук рейддерге чыгуу.