Бишкекте азык-түлүктүн баасына мониторинг жүргүзүлүүдө

16 марта 2022, 13:20

Социалдык маанидеги азык-түлүккө баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө максатында ири гипермаркеттердин арасында түшүндүрүү иштери жүрүүдө.

Бишкек шаарынын Ленин райондук акимчилигинин кызматкерлери “Дордой Моторс” базарында болуп, эң керектүү азык-түлүктөрдүн баасына мониторинг жүргүздү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери социалдык мааниге ээ болгон азык-түлүк товарларына бааны кармап, райондун калкы үчүн жеткиликтүү болушун камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Бааларды көзөмөлдөө боюнча иш-чаралар улантылат.