Бишкекте мектеп жана бала бакчалар эки күн онлайн иштейт

9 октября 2023, 09:45

Бишкекте мектеп жана бала бакчалар эки күн онлайн иштейт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мунун себеби 12-13-октябрь күндөрү ордо калаада өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин кезектеги саммитине байланыштуу. Белгиленгендей, мектептердин окуу процесси үзгүлтүккө учурабайт, ал эми бала бакчалар убактылуу иштебей турат.

КМШ жыйынына карата шаардын айрым борбордук көчөлөрү маал-маалы менен жабылат.