Бишкекте батирлердин баасы 18,9%га өстү

30 января 2024, 15:10

Бишкек шаарындагы батирлердин чарчы метринин баасы 2022-жылга салыштырмалуу 2023-жылы 18,9%га өскөн. Бул тууралуу Жер ресурстары кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2022-жылга салыштырмалуу Бишкектин батир рыногунда сатып алуу жана сатуу азайган.

Бишкекте 2023-жылы бир бөлмөлүү батирлер 20,3%, эки бөлмөлүү батирлер 19,1%, үч бөлмөлүү батирлер 16,8%га кымбаттаган. Төрт бөлмөлүү жеке батирлердин баасы 15,1%га жогорулаган.