Бишкекте беш курулуш компанияга 103 миң сом айып салынды
Көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн борбор калаада беш курулуш компаниясына муниципалдык инспекция айып пул салды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, "Имарат Строй" , "Авента Строй", "Алим Курулуш", "Курулуш кызматтары" жана "Капстрой Кей Джи" курулуш компанияларына айып пул салынды.
Мындан тышкары, Ч.Айтматов проспектиси, 100/2 жайгашкан "Кыргыз Каганат" ЖЧК курулуш таштандыларын жыйноо боюнча жазма буйрук алган.
“Борбор калааны көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн курулуш компанияларына салынган айыптардын жалпы суммасы 103 000 сомду түздү”, - деп айтылат маалыматта.