Бишкекте үч автобустун каттамы өзгөрдү

9 апреля 2024, 09:55

Бүгүнтөн тарта Бишкекте №55, №56 жана №226 автобустардын каттамы жарым-жартылай өзгөрдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, №56 автобус Кожобергенов көчөсү менен Чоң-Арык айылына чейин барат. №55 автобус Ахунбаев, Чортеков, Муромский, Селекционное көчөлөрү менен ЖЭБ-2ге чейин жүрөт.

Ошондой эле №226 автобустун каттамы мурдагы калыбына келтирилди. Ал Сухэ-Батор, Юнусалиев жана Медеров көчөлөрү менен каттайт.