Бишкекте эки муниципалдык ишкана бириктирилди
"Бишкекжашылчарба" жана "Бишкексуучарба" ишканалары бириктирилди.
Мэриядан такташкандай, жаңы ишкана "Бишкекжашылкурулуш" деп аталып, мекеменин жетекчилигине Болотбек Одракаев дайындалды.
Мындай демилге муниципалдык ишканалардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында кабыл алынганы белгиленди.