Бишкекте «эмгек биржасы» түйүнү ачылды

10 января 2024, 15:50

Бишкекте “эмгек биржасы” түйүнү ачылды. Мэрия маалыматына ылайык, иш менен камсыз кылуу пункту Лев Толстой көчөсүндө жайгашкан.

Анда иш менен камсыз кылуу пунктунун жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери иш алып барат.

Түйүндү түзүүгө калаа жетекчисинин резервдик фондунан 1 миллион 162 миң сом бөлүнгөн.