Бишкекте Евразия экономикалык форуму өтөт

8 апреля 2022, 11:58

Бишкекте 26-27-майда Евразия экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиянын расмий сайтында маалымдалды.

Форум Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алдында болот. Анын алкагында ЕАЭБдин мамлекет башчыларынын катышуусунда пленардык жыйын, ошондой эле алты панелдик сессия жана ЕАЭБдин агроөнөр жай товарларынын көргөзмөсү пландаштырылган.

“Бардык мамлекеттер кеңештин жыйынын өткөрүү убактысы менен жерин такташты. Учурда Кыргызстан менен комиссия иш-чарага даярдык көрүү маселелерин иштеп жатат”, - деди ЕЭКтеги Протокол жана уюштуруу департаментинин жетекчиси, форумга даярдык көрүү боюнча ыкчам штабдын башчысы Данияр Турусбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 8-апрелде министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында уюштуруу комитетинин отуруму өтөт. Анда форумдун концепциясын бекитүү пландаштырылууда.