Бишкекте Глобалдык жашыл өсүш институтунун кеңсеси ачылат

27 февраля 2024, 09:51

Бишкек шаарында Глобалдык жашыл өсүш институтунун (GGGI) кеңсеси ачылат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Бишкек шаарында GGGIнин жергиликтүү кеңсесин ачуу пландалууда, ал тараптардын ортосундагы теңдик жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде кызматташууга көмөктөшөт, Кыргызстанда “жашыл” экономиканы өнүктүрүүгө салым кошот.

Эске салсак, мыйзам 2024-жылдын 17-январында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.