Бишкекте ипотекага салынган турак жай ээлерине тапшырылды

11 декабря 2023, 10:25

Бишкекте ипотекага салынган көп кабаттуу турай жай ээлерине тапшырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

9 кабаттуу 108-сериядагы турак жай ордо калаанын Анкара көчөсүндө жайгашкан. Үй бардык коммуналдык кызматтарга кошулган.

Мамлекеттик ипотекалык компанияда кезекте турган адамдар үйдүн баасынын 20 пайызын төлөп, 8% менен 25 жылга алышты.