Бишкекте кагаз буюмдарын чыгарган ишкана ачылды

7 декабря 2023, 12:28

Бишкекте “ИФА” ЖЧКнын санитардык-гигиеналык кагаз буюмдарын чыгаруучу жаңы өндүрүштүк ишкана ачылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Заводду ачуу үчүн кыргыз-орус өнүктүрүү фонду менен “ИФА” ЖЧК ортосунда 3,2 млн долларга келишим түзүлгөн.

Ишкана суткасына 25 тонна продукция өндүрөт, мында 125 адам жумуш менен камсыз болгон.