Бишкекте көчөнүн аталышын өзгөртүүгө мораторий киргизилди

5 октября 2023, 13:50

Бишкекте көчөлөр, аянттар, аллеялар, шаар парктары жана бульварлардын аталышын өзгөртүүгө киргизилген мораторий жагы 10 жылга узартылды. Мындай чечим шаардык кеңештин отурумунда кабыл алынды.

Эске салсак, “Ордо калаанын географиялык объектилеринин аталыштарын өзгөртүүнү жөнгө салуу жөнүндө” токтому 2013-жылы 10 жылга кабыл алынган. Документке ылайык, Бишкекте көчөлөрдүн жана жаңы конуштардын аталыштарын өзгөртүүгө болбойт.