Бишкекте КМШ лидерлеринин саммити өтөт

9 октября 2023, 09:00

Бишкекте КМШ уюмуна мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын саммити өтөт. Буга байланыштуу Чүй облусу жана Бишкек шаарында 12-13-октябрь күндөрү айрым жолдор жабылат деп билдиришти Ички иштер министрлигинен.

Чектөө "Манас" аэропортунан Фучик көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде, Манас жана Айтматов проспектисинен мамлекеттик резиденцияга чейин, Садырбаев көчөсүнөн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейин, Бишкек-Кант айланма жолуна киргизилет.

Бул жолдордо делегациялар өткөн убакта башка автоунаалардын жүрүүсүнө жол берилбейт.