Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелер көбөйтүлөт
Бишкекте коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелердин саны кийинки жылы көбөйтүлөт.
Транспорт департаментинин жетекчи орун басары Улан Уезбаевдин айтымында, план боюнча быйыл сары сызык Токомбаев, Байтик Баатыр/Абдрахманов көчөлөрүндө, ал эми эмки жылы Жибек Жолу проспектинде, андан кийин Ахунбаев көчөсүндө, Манас проспектинде пайда болот.
Уезбаев белгилегендей, мындай өзүнчө тилкелер коомдук транспортко тыгындарга турбай жүрүүгө шарт түзөт.