Бишкекте көп кабаттуу 50гө жакын унаа токтотуучу жай курулат

28 апреля 2022, 15:40

Бишкекте көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай курулат. Буга Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишендирүүдө.

Анын айтымында, азыркы учурда унаа токтотуучу жайлар боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

“Биз жолдорду кеңейтсек айдоочулар жолдун жээгине унааларын токтото беришет. Ошентип, кайра эле жолдор тарый берет. Биз бул менен маселе чечилбей турганын түшүнүп, көп кабаттуу 47 унаа токтотуучу жай куралы деп пландап жатабыз”, - деди Абдыкадыров.