Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу 50 жай пайда болот

22 сентября 2023, 12:55

Бишкекте көп кабаттуу унаа токтотуучу 50 жай пайда болот. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди.

Анын айтымында, парковка алдына 49 жер тилкеси аныкталды.

Мэрия бул багытта мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында иштөөнү пландап жатат.

"Унаа токтотуу жайларды курууга кызыктар ишкерлерге жер тилкелери сынаксыз берилет", — деди Абдыкадыров.

Белгилеп кетсек, муниципалитет айрым борбордук көчөлөрдө парковкага тыюу салууну сунуштады.