Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт

27 февраля 2024, 10:30

Эртең, 28-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бизнес-форум өтөт. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форум түрк инвестициясын тартууга, экономиканын түрдүү тармактарында биргелешкен ишканаларды түзүүгө жана кыргыз продукциясынын Түркиянын рыногуна жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган.

Иш-чара эки өлкөнүн бизнес-коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосунда жаңы байланыштарды түзүү жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты орнотуу үчүн эффективдүү аянтча болоору күтүлүүдө.

Форумдун программасына Кыргызстандын экономикасынын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлордун презентациялары кирет. Тактап айтканда, алар инвестиция тартууга даяр инновациялык долбоорлор аркылуу көрсөтүлөт.

Продукциялардын көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик компаниялар өз продукцияларын тартуулашат. Катышуучулар продукциялар менен түздөн-түз таанышып, демонстрацияларга катыша алышат жана мындан аркы кызматташуу үчүн потенциалдуу өнөктөштөрдү таба алышат.