Бишкекте лицензиясыз 978,3 миң сомдук алкоголь тартып алынды
Бишкек шаарындагы рейддин жыйынтыгы боюнча мыйзамсыз жүгүртүүдөн жалпы 978,3 миң сомдук алкоголь тартып алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Салык кызматынын кызматкерлери Бишкектеги рейддик иш-чаранын жүрүшүндө сатуу максатында уруксат берүүчү документтери (лицензиясы) жок алкоголдук продукция саткан бир ЖЧКнын кампасын аныкташты.
“Натыйжада жалпы суммасы 978,3 миң сомго ар кандай аталышта жана идиште 4 миң 475 бөтөлкө алкоголь тартып алынды”,- деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, ишкердик субъектке карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.