Бишкекте муниципалдык «ECO TAXI» кызмат көрсөтө баштады

2 октября 2023, 17:35

Бишкекте экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин алкагында муниципалдык “ECO TAXI” ишке кирди. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, долбоордун биринчи этабында шаардыктарды 10 электр унаасы тейлейт. Такси Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 жана 17:00-20:00гө чейин жүрөт.

“Отургузуу баасы — киши башына 50 сом. “ECO TAXI” экологиялык транспорт үчүн атайын тилкеде жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү”, - деп айтылат маалыматта.