Бишкекте 10 күндүн ичинде Санэпиденция мекемелерге 80 миң сом айып салган

10 августа 2020, 17:09

Он күндүн ичинде Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык жана экологиялык инспекциясы (СЭИ) 80 миң сомго 20 протокол түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкөдө жана шаарда кырдаал оор, бирок буга карабастан, айрым ишкерлер сантардык эрежелерин сактабай, адамдардын өмүрүн тобокелге салууда. Бир күн мурда, Нур-Суфра тойканынын администрациясы Дэн Сяопин, 216 проспектисинен колго түшкөн. Албетте, санитардык нормалар сакталган жок, адамдар көп болду», - деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, дем алыш күндөрү «Улуу-Тоо» чайканасы, «Главпивтрест» кафеси, компьютер жана бильярд клубдары ушул эле мыйзам бузуулар менен айыпка жыгылышкан.