Бишкекте ортопедия жана нейрохирургияга адистешкен медборбор ачылат

6 марта 2024, 15:40

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун колдоосу менен Бишкекте жаңы медициналык борбор ачылат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал ортопедия жана нейрохирургия боюнча адистелет. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жеке компанияга жеңилдетилген насыя берди.

Медициналык мекеме 60 орунга ылайыкталган, ал жерде операциялар жасалып, бейтаптар толук кандуу реабилитация курсунан өтө алышат. Бөлүнгөн квоталарга ылайык, калктын социалдык жактан аялуу катмарына кызмат көрсөтүүлөр жүргүзүлөт.

Белгилеп кетсек, бул фонддун Кыргызстандагы саламаттыкты сактоо тармагындагы онунчу долбоору. Буга чейин бул тармакка 16 млн доллардан ашык каражат бөлүнгөн.