Бишкекте сегиз өлкөнүн баалуу зер буюмдары коюлган көргөзмө өтөт
9-декабрдан 13-декабрга чейин Бишкекте “ORO Jewelry Expo” экинчи зергер көргөзмөсү өтөт. Көргөзмө саат 10:00дөн 22:00гө чейин "Орион" мейманканасында болот. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасы билдирди.
Маалыматка ылайык, анда Careera & Careera, Grant Jewelry, Delta Diamonds, Maxim Demidov, Sanis, ЮД Кабаровских жана башка көптөгөн таанылган дүйнөлүк бренддердин зер буюмдары көрсөтүлөт.
Көргөзмөдө 8 өлкөнүн бренддери катышууда. Бул өлкөлөр Кыргызстан, Италия, Испания, Казакстан, Орусия, Австралия, Түркия, Тибет. Бул күндөрү алар 3 миңден ашык:
- баалуу металлдардан жасалган, баалуу жана жарым асыл таштар менен жасалган зер буюмдары;
- табигый таштар менен зер буюмдары;
- нике шакектери;
- зергердик сааттар;
- кымбат баалуу металлдардан жасалган идиш-аяктар;
- бижутериялар жана башка зер буюмдары көрсөтүлөт.