Бишкекте темир жолду кесип өткөн тогуз өтмөк куруу пландалууда

15 февраля 2024, 09:15

Бишкекте темир жолду кесип өткөн тогуз өтмөк куруу пландалууда. Бул тууралуу мэриянын коллегиясында маалым болду.

Планга ылайык, Фучик, Матыев, Акиев, Үмөталиев, Шевченко, Исанов, Гоголь, Сүйүмбаев жана Т.Айтматов көчөлөрүнөн темир жолдун үстү аркылуу Лев Толстой көчөсүнө чыккан өтмөк курулушу күтүлүүдө.

Бирок курулуштун мөөнөтү азырынча белгисиз.