Бишкекте тийиштүү уруксат кагаздары жок иштеген 5 объект аныкталды

14 февраля 2022, 14:40

Бишкектеги Дэн Сяопин проспектисинин бир бөлүгүн инвентаризациялоонун жүрүшүндө уруксат берүүчү документтери жок иштеген объекттер аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.

Кеп Фучик жана Садыгалиев көчөлөрүндө жайгашкан беш объект жөнүндө болуп жатат. Алар:

  • "Адиш ата" ашканасы;
  • Carzone унаа жуучу жана тейлөө жайы;
  • Daewoo тейлөө станциясы;
  • СТО "Авто плюс";
  • курулушчу К Таштанбековдун спорт залдары.

Бишкек шаарынын архитектуралык-курулуш көзөмөлү боюнча башкармалыгы борбордун тургундарына курулушту уруксат берүүчү документтерсиз жүргүзбөөнү жана "Шаар куруу жана архитектура жөнүндө" мыйзамды сактоону эскертет.